"Коопсуз шаар": жол эрежесин бузгандарга 4-мартка чейин айып салынбайт

Бишкектин жолдоруна камералар орнотулгандан тарта 18 600 жол эреже бузуу катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 4-мартка чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салынбайт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, 12-февралдан 28-февралга чейин 18 600 жол эрежеси бузулган.

"Аталган убакыт учурундагы протоколдор айдоочуларга жиберилбейт. 4-марттан тарта гана камерага түшүп калган эреже бузууларга айып пул салынат", — деди Саркулов.

Белгилей кетсек, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералар ишке кирип, эреже бузуунун 7 түрүн каттай баштаган. Биринчи этапта жалпысынан Бишкектеги он көчөнүн кесилишине камералар орнотулса, экинчи этапта март айынын ортосуна чейин дагы он камера коюлмакчы.