Владимир Путиндин Кыргызстанга келер күнү айтылды

Учурда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 28-мартта келет. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөт аппаратынын жетекчиси Константин Чуйченко билдирди.

Ал соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы болуп саналат. Учурда аталган комиссиянын 21-жыйыны Бишкекте өтүүдө.

"Ири иштин негизги бөлүгү катары Россиянын президенти Владимир Путиндин 28-мартта боло турчу мамлекеттик сапарына болгон даярдык боюнча иштеп жатабыз", — деди ал.

Чуйченко кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.