Көк бөрү чуусу. Канат Исаев кол койду делген документтер боюнча үн катты

Канат Исаев Көк бөрү федерациясын жетектеп турганда Казакстандын көкпар оюнун колдоого макулдугун берди деген документтер тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Депутат Канат Исаев Казакстан негиздеген ассоциацияга мүчө болуп кирүүгө макулдугун берген деп тарап жаткан документтер негиздүү экенин билдирди.

Кечээтен бери социалдык тармактарга Канат Исаев көкпардын эрежесин колдоого алды деген таризде документтер жарыяланып талкууга түшкөн. Анда Исаев 2013-жылы Көк бөрү федерациясын жетектеп турганда Казакстан негиздеген "Түрк тилдүү элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясына" мүчө болууга кол койгону көрсөтүлгөн. Бул документ Кыргызстан көкпарды эл аралык оюн катары таанып, өнүктүрүүгө макулдугун берди дегенди түшүндүрөт дешкен.

Исаевдин айтымында, ал койгон документ кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келбейт.

"Ал ассоциацияга киргенибиз - улуттун кызыкчылыгына каршы келди дегенге туура келбейт. Мүчө болсо эле тай казан эрежеден алып салынат дегенди түшүндүрбөйт. Документтерди бирөө атайын таратууда. Муну атайын бирөө уюштурушу мүмкүн. Жетекчиликтен кеткенден кийин маселенин баарын башка бирөөгө оодарууга аракет жасалып жатат, ким каралап жатканын айтпай эле коёюн", — деди Исаев.

Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясын жетектөөдөн баш тартты
Ошондой эле ал Көк бөрү федерациясын жетектеп келген Жыргалбек Саматовду кетирүүгө кызыкдар болбогонун, көк бөрүнүн өнүгүүсү үчүн гана кызматтан алууга макул болуп добуш бергенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайында президент Жыргалбек Саматовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, кызматынан кетирилген. Ошол эле күнү анын ордуна "Түндүкэлектр" ишканасынын директору Искендер Кадыркуловду шайлашкан

Саматовду кызматтан алууга Астанада өткөн Көкпар боюнча Дүйнөлүк ассоциацияга барбай койгону себеп болгон. Мындан сырткары, ал Эл аралык көк бөрү федерациясынын баш катчысы болгондуктан Кыргызстандын федерациясын жетектей албайт деген жүйө келтиришкен.