Бишкекте Нурлан Мотуевдин павильону менен тандыры алынды. Сүрөт

Павильон мектептин аймагына түнкүсүн мыйзамсыз негизде орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкекте мурдагы "көмүр падышасы" Нурлан Мотуевдин №11 мектептин алдына мыйзамсыз орнотулган павильону менен тандыры алынды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бишкекте Нурлан Мотуевдин павильону менен тандыры алынды. Сүрөт

Объектилер 28-февралда түнкүсүн Москва менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мектептин аймагына орнотулган.

Ошол эле күнү мектеп директорунун кайрылуусу менен комиссия түзүлгөн. Натыйжада павильон мыйзамсыз негизде орнотулганы аныкталып, аны алып салуу боюнча чечим чыгарылган.