Терезесин караңгылатып алган айдоочуларды кайра ЖКККББ тескемей болду

Инспекторлор бул укуктан 1-январдан тарта ажыратылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларды жоопко тартуу укугун өзүнө кайтарды. Бул тууралуу ЖКККББнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Иманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

"Коопсуз шаар": жол эрежесин бузгандарга 4-мартка чейин айып салынбайт
1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, бул милдет Транспорт жана жолдор министрлигине берилген. Бирок министрлик терезеси караңгылатылган машиналарды токтотуп айып салууга укугу жок болчу.

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков кодекстерге киргизилген өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, автоунаасынын терезесин караңгылатып алган айдоочуларга айып салуу укугу ЖКККББга кайтарылды.

Белгилей кетсек, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералар ишке кирип, эреже бузуунун 7 түрүн каттай баштаган. Биринчи этапта жалпысынан Бишкектеги он көчөнүн кесилишине камералар орнотулса, экинчи этапта март айынын ортосуна чейин дагы он камера коюлмакчы.