БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жолго чийилген стоп линиядан өтүп кеткен жеке жана юридикалык жактарга бирдей, 1000 сом айып салынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
Депутат Кенжебек Бокоев стоп линиядан өтүп токтогон учурда жеке тараптарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынарын айтып, бул нерсе айдоочулар арасында нааразычылык жаратып жатканын айтты.
"Компаниянын айдоочулары кайрылып жатат. Айып пулду фирма эмес, айдоочу өзү төлөйт экен да. Ошону карасаңар", — деди депутат.
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 15 жана 19-февралда Жарлыкка кол койгонун айтып, анын негизинде жеке тарап менен юридикалык тарапка салынчу айып пул 1000 сом деп бирдей бекитилгенине токтолду.
Белгилей кетсек, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералар ишке кирип, эреже бузуунун 7 түрүн каттай баштаган. Биринчи этапта жалпысынан Бишкектеги он көчөнүн кесилишине камералар орнотулса, экинчи этапта март айынын ортосуна чейин дагы он камера коюлмакчы.