Кыргызстанда айрым үй жаныбарларынын саны азайып кетти

Анткен менен кээсинин саны тескерисинче алда канча өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстан боюнча эшектин саны 4,2 миңге кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Кыргызстандагы үй жаныбарлары 2017-жылдын аягына карата саны 2018-жылдын аягына карата саны 
Ири мүйүздүү мал1 575 4341 627 296
Кой жана эчки 6 077 7756 167 949
Чочко52 16951265
Жылкы481 329498 684
Үй канаттуусу 5 910 4186 009 697
Төө228246
Эшек33 14428 941
Коен 25 38427 677
Бал аарылар уюгу 111 690118 996

Ошондой эле чочконун дагы саны азайганы айтылат. Мисалы, 2017-жылы өлкөдө 33 миң эшек болсо, 2018-жылдын аягында 29 миңи калган. Ал эми чочконун саны мурдагы жылга салыштырмалуу 900гө азайып, былтыр 51 миң башка түшкөн.

Тескерисинче кой, эчки, жылкы жана уйдун саны көбөйдү. Үй канаттууларынын дагы саны өсүп, 6 миллионго жетти (2017-жылы 5,9 миллион болгон).

Булардан тышкары бал аары, коен жана төөлөрдүн көбөйгөнү кошумчаланды.