Чыкыйга тийген ок. Кой-Ташта каза болгон жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы

Кырсык болгон жерден табылган тапанча 2005-жылдагы окуялар учурунда жоголгон курал катары издөөдө болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кой-Таш айылында машинанын ичинен сөөгү табылган жигит жанын кыюуну ойлонуп жүрчү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

25-февралда Mazda 6 үлгүсүндөгү автоунаадан 20-25 жаштардагы баланын сөөгү табылган. Анын ок жеп каза болгону такталган.

Тергөө окуянын чоо-жайын иликтеп, маркумдун ким экенин тактады. Ал Жалал-Абадда төрөлүп, Казакстандын жарандыгын алган 24 жаштагы жигит экени аныкталган. Акыркы учурда Бишкек шаарында жашап жүргөн.

Бишкекте кишинин кафенин кассасына кол салып жаткан учуру видеого түшүп калды
Тинтүү учурунда автоунаадан iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефон, документтер, бөтөлкө, салат жана тамеки табылган.

Маркумдун колунда Макаров (ПМ 9 мм) тапанчасы бар экени, ал эми чыкыйына ок тийгени маалым болду.

Токтоп турган машинаны жакын жерде иштеген куруучулар саат 9:00дөр чамасында байкашкан. Аталган автоунаа 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жарандын атына катталган. Бирок аталган жаранга автоунаа 2017-жылы февралда туугандары тарабынан каттатылган. ИИББдин алдын ала маалыматы боюнча автоунаанын чыныгы ээси маркум болгон. Ал шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде 4-курста окуп келген. Милиция маркум акыркы жолу кимдер менен байланышканын да иликтеди.

Натыйжада ал өз өмүрүнө кол салган деген версия да каралган. Достору тапанча маркумга таандык болгонун, аны бир нече ирет көрсөткөнүн айтышкан.

"Айрымдары ал акыркы убакта көп кабатырланып жана өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу ойлонуп жүргөнүн билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болордун алдында саат 23:45тер чамасында автоунаасы менен супермаркетке кирип, 0,25 литр арак, бир шише энергетикалык суусундук, сыра, тамеки жана салат алган.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча табылган тапанча 2005-жылы март айындагы ызы-чууда Жалал-Абад ИИБинин нөөмөт бөлүмүнөн жоголгон.