Дональд Трамп менен Ким Чен Ын бир пикирге келген жок. Вьетнамдагы жолугушуу

Саммиттин жыйынтыгында биргелешкен эч кандай документтерге кол коюлган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын Ханойдогу (Вьетнам) жолугушуусунун жыйынтыгында эч кандай документтерге кол коюлган жок. Бул туурасында РИА Новости Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерске шилтеме кылып кабарлады.

Ал биргелешкен эч кандай документтерге кол коюлбаганы менен делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатканын айткан. Сандерс жолугушуу жакшы жана майнаптуу болгондугун да белгиледи.

"Лидерлер денуклеаризация маселесин ишке ашыруунун ар кыл жолдорун талкуулашты", — деди маалымат катчы.

Ким Чен Ындын октой учкан котормочусу интернет жылдызына айланды. Видео
Трамп маалымат жыйында Ким Чен Ын менен болгон жолугушуу натыйжалуу болгондугун айтты.

"Азыр эле Ким менен сүйлөшүп бүттүк, менин пикиримде жолугушуу майнаптуу болду", — деди АКШ президенти.

АКШ менен Түндүк Корея саммити 27-28-февралда Вьетнамдын борборунда өтүп, анда эки мамлекеттин жетекчилери 2,5 саат сүйлөшкөн. Алар 2018-жылдын июнь айында Сингапурдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын да талкуулашкан.