Атамбаев үч саясатчыга 300 миң сомдук айыпка жыгылды. Сот чечими

Октябрь райондук соту Атамбаев менен ага тиешелүү делген "Апрель" телеканалына коюлган доо арызды караган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди Октябрь райондук соту үч саясатчыга жүз миң сомдон — 300 миң сом айып төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул туурасында КСДПнын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Октябрь райондук соту Атамбаев менен ага тиешелүү делген "Апрель" телеканалына коюлган доо арызды караган.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун үстүнөн кайрадан арыз жазган.

Прокуратура Атамбаевдин экс-жан сакчысы кандай кылмыш жасаганын айтып берди
Алар экс-президенттин "Апрель" телеканалына берген маегинен улам сотко кайрылып, 18 миллион сом өндүрүүнү көздөп, доогерлердин ар бири 3 миллион сомдон талап кылган.

Маалыматта Октябрь райондук сотунун судьясы экс-президенттен үч доогердин ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүү чечимин чыгарганы кабарланган. Ал эми "Апрель" телеканалынан каражат алынбай турган болгону менен Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Кеңешбек Дүйшөбаев боюнча айтылгандарды четке каккан маалымат берип, соттук чыгымдарга 4200 сом төлөмөй болгондугу айтылат.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева соттун расмий чечими аларга келе электигин айтты. Экс-президенттин сот чечимине карата арызданар-арызданбастыгы азырынча белгисиз.