"Түндүкэлектрдин" директору Көк бөрү федерациясынын президенти болду

Курултайдын катышуучулары Жыргалбек Саматовду кетиргенден кийин эле дароо талапкерлер сунушталып, шайлоого киришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Искендер Кадыркулов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, катышкан делегаттардын добушу менен президент Жыргалбек Саматов кызматынан алынды.

Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясын жетектөөдөн баш тартты
Андан кийин дароо эле талапкерлер сунушталып, шайлоого киришкен. Натыйжада көпчүлүктүн колдоосу менен Искендер Кадыркулов федерациянын президенттигине шайланды.

Курултайдын катышуучулары Саматов Астанада өткөн Көкпар боюнча Дүйнөлүк ассоциацияга барбай, Кыргызстандын намысын талашпай койду деген жүйө келтиришти. Экинчи себеби — ал Эл аралык көк бөрү федерациясынын баш катчысы болгондуктан Кыргызстандын федерациясын жетектей албайт.

Жыргалбек Саматов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2018-жылдын 5-июлунда шайланган. Ага чейин федерацияны Икрамжан Илмиянов жетектеген.