Бишкекте тартипке көз салган "Супер баатырды" какыс-кукус кылышты

"Супер баатыр" жарандарды тартипке чакыруу аракетинен майнап чыкпаганын билдирди.
Sputnik

Бишкекте комикстердин персонажы болгон Супермендин формасын кийген жигит калаадагы тартипке көз салды. Өзгөчө социалдык экспериментти маалымат каражаттарынын биринин журналисттери тарткан.

Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек?
Кадрда көрүнүп тургандай, каарман жарандарды жолду жол чыракка карап кесип өтүүгө, таштанды ыргытпоого жана отургучтарга буту менен чыкпоого чакырган. Айрым тургундардын "Супер баатырдын" чакырыгын туура эмес кабыл алганын да байкоого болот.

"Супер баатырды" муунтуу ыкмасын колдонуп тээп, төшкө ургандар да кездешкен.

Роликтин акырында жигит жарандарды тартипке чакыруу аракетинен майнап чыкпаганын билдирген.