БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банк кечип койгон ссудасынын калдыгын өзү төлөй турганын маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук банк төрага Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын калган суммасын — 4,8 миллион сомду кечкени маалымдалган. Ал 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда алган.
Абдыгулов алган акчанын калган бөлүгүн банктын кечип салганы коомдо түрдүү талкууларды жаратканын белгилеп, берилген ссуданы Улуттук банктын кечип койгону мыйзамдуубу деген да маселе көтөрүлгөнүнө токтолду.
"Бул окуя боюнча Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында бардыгы мыйзамдуу болгону аныкталган. Ошол эле учурда коомдо талкууланган маселе жеке эле менин эмес, Улуттук банктын ишмердигине, аброюна да шек келтирди. Улуттук банктын аброюна кандайдыр бир шек келтирүүгө жол бере албайм. Андыктан мен банк тарабынан кечилген ссуданын калдыгын төлөп берүүнү чечтим. Жакынкы аралыкта нормативдик-укуктук актыга түзөтүү киргизилип, андан кийин мен акча төлөй алам", — деди ал.
Абдыгулов ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерине ссуда берүү тажрыйбасы дүйнөдөгү банктар арасында калыптанып калган көрүнүш экенин кошумчалады.
"Себеби коммерциялык банктар менен көзөмөлдөө органдары ортосундагы кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн банктын кызматкерлери Улуттук банк тууралуу мыйзам боюнча коммерциялык банктардан ссуда ала албайт. Андыктан Улуттук банк ушундай ыкманы киргизген", — деди ал.
Улуттук банктын төрагасы тергөө учурунда ссуда алуу боюнча чогултулган бардык материалдар тергөө органдарына көрсөтүлгөнүн белгиледи.