БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Бегайым Эдуард кызы Чүй облусу менен Бишкек шаарынын аймагынан изделип жатат. Бул тууралуу милициядан маалымдашты.
Ал 24-январда Бишкектеги Кырман конушунан мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Жардам бергиле! Чүйдө бир айдан бери 16 жаштагы кыз изделүүдө. Сүрөт
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Өзгөчө белгилери: бою 165-168 сантиметр, кой көз, чачы кара, карэ кылып кесилген. Үстүнө кызыл түстөгү күрмө, кара джинсы, бутуна кара-көк ботинка кийген.
Милиция эгер кыз тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат:
0 (312) 36-35-27 (нөөмөт бөлүмү), 0 (312) 36-35-23, 0 (550) 51-09-05, 0 (704) 31-25-05, 0 (550) 34-33-63 (аймактык криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмү) же 102 номерине чалып кабарласа болот.
Милициянын маалыматы боюнча кыз буга чейин да жоголуп кетип кайра табылган.