Бишкекте балдар үчүн сот адилеттүүлүгүнүн акыйкат тутумун түзүү талкууланат

Жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулукту жана кайталап кылмыш жасоону азайтуу маселеси да каралат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Кыргызстанда балдар үчүн юстицияны ишке ашырууну баалоо боюнча атайын программанын бет ачары өтөт. Бул туурасында парламенттен кабарлашты.

Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу
Мамлекеттик программада каралган негизги учурлар балдар үчүн натыйжалуу жана акыйкат сот адилеттүүлүгүнүн тутумун түзүү, балдарга тийиштүү мамилени камсыздоо, алардын укуктарын жана кадыр-баркын урматтоо экени айтылган. Жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулукту жана кайталап кылмыш жасоону азайтуу, ар бир баланын муктаждыгына аяр мамиле жасоо да көңүл борборундагы маселелерден.

25-февралда өтүүчү иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышмакчы. Андан сырткары, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн алдындагы ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин мүчөлөрү келери кабарланды.

Эске салсак, Кыргызстанда оор абалга туш болгон балдардын укуктарын коргоо боюнча аткарган иш начар экендиги айтылып келет.