Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык

"Саддам Хусейнди өз көзүм менен көргөм. Иракта болгон каардуу окуяларга карабастан, чынын айтыш керек, ал абдан эр жүрөк киши болгон", — деп эскерет Талант Кушчубеков.
Sputnik

Талант Кушчубеков — Кыргызстандын сырткы саясатындагы күчтүү билермандардын бири. Сирия, Ирак, Түркияда иштеп келген, ал эми 2005-жылдагы революция маалында тышкы иштер министринин орун басарлыгын аркалаган. Ал өз турмушу туурасында ачылып маек куруп берди. 

Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык

— Ишмердигиңиздин башат жери Сирияда экен. Кандайча ал өлкөдө иштеп калдыңыз?

— Ташкент улуттук университетинде араб тилин окугам. Көрсө, жакшы окуган, саясий жактан такшалган студенттерге башынан көз салып жүрүшөт экен. Кийин бир нече ирет аңгемелешүүдөн өттүм.

Ырчы, механик, философ... Чет өлкөлөрдө кимдер КР элчиси болуп отурат
22 жашка толгонумда мени Москвага чакырышты. КПСС БКнын эл аралык бөлүмүнүн чачын ак аралаган кызматкери кабыл алып, сүйлөштү. Ал менин документтеримди көрүп, "Эмнеге "төрттөрүң" бар? Эмне үчүн "бешке" окубайсың?" — деп сурады. Эч тайсалдабастан ага: "Беш" деген баанын баркын кетирбеш үчүн кай бирибиз "төрт" деле алышыбыз керек го, же андай эмеспи?" — деп суроосуна суроо менен жооп кайрыдым.

Ал күтүүсүздөн күлүп жиберди, жообум жакты окшойт. Ошентип Сириядагы ишке тандалдым. Аскерий сырды ачпоо тууралуу кол катка кол коюп, 1980-жылдын 17-сентябрында Дамаскиге учтум.

— Мен билген Сирия — согуш талкалаган өлкө. Телевизордон дайым качкындарды, эл алдында өлүм жазасын жана кыйраган калааларды көрөбүз. Ал эми сиз көргөн, 80-жылдардагы Сирия кандай эле?

— Биринчи махабатым сымал абдан жылуу таасирлерди калтырган. Ал жакта адамдар бизге караганда жакшы турушчу. Сирияда семиз жерлер көп эле, алардын климаты менен жылына үч ирет түшүм алууга болот. Советтер Союзу сириялыктарга көмөктөшкөн, биздин адистердин жардамы менен гидроэлектростанция, ошондой эле темир жол курулган. 

Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык

— Азыр Сирияда жаңжалдардын тутанышына улуттук жана диний себептер негиз болууда. Сиз иштеп турган убакта мындай ырксыздыктардын чыгышына өбөлгө болчу нерселер бар беле?

— Жок. Мен иштеген Алепподо бүтүндөй армян кварталы бар болчу. Негизинен зергерлик менен алектенген бардар адамдар жашачу. Алардын өз чиркөөсү, мектептери болгон. Албетте, диний көз караштан Алеппо ошондо эле салттуу шаар саналчу. Бирок көчөдөн мусулманча да, француз модасынын соңку үлгүсүндө кийинген кыздарды да көрө алчубуз.

Көйгөй СССР Афганистанга өз күчтөрүн киргизгенде башталды. Радикалдык исламчылар Сирияда терактыларды уюштура башташкан. Биздин адистер да набыт болгон бир нече учур болду.

— Өлкөдө экономика гүлдөп турса, калкы коңшусунун башка улуттан же башка динге ишенери менен иши болбос деп окуганым бар эле. Ал эми туңгуюк башталганда дароо диний да, улуттук да жаңдалдар тутанат экен. Сирияда деле болду десек болобу?

— Экономикалык көйгөйлөр да буга түрткү болгону шексиз. Москва менен Дамаск союздаш эле. СССР ыдыраган соң Сирия каржылык колдоосуз калды. Ошондой эле тышкы фактор да роль ойноп кетти, себеби айрым өлкөлөргө Сириянын ушундай кырдаалда болушу чоң утуш болчу.

Азыркы тапта Сириядагы жагдай мени аябай түйшөлтөт, көңүл оорутат. Өлкөнүн калкына убал. 

Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык

— Сиз Иракта да иштегенсиз, туурабы?

— Ал жакка 1988-жылы бардым, Иранда согуш жүрүп жатканына 8 жыл толгон. Фронтто миллионго жакын ирактык набыт болгон. Бул абдан чоң жоготуу, себеби өлкөдө болгону 14 миллиондун тегерегинде калк жашачу.

Ошол согушта жакынын жоготпогон түтүн калган эмес. Жылмайган киши көрбөйсүң, көчөдө табыттарды ташып жүрүштү.

Советтик Армия менен Аскер-деңиз флоту кантип түптөлгөн. Майрамдын башаты
Гезиттер улам фронттон кабарларды жарыялап турушкан. Жаш жигиттердин жетишсиздиги дароо байкалчу, кудум биздин айыл-кыштактардагыдай. Жалаң аялдар, карылар менен жаш балдар калган.

Иракта мунай кору болгонуна карабастан, калк жакыр жашачу, акчанын баары согушка сарпталган. Элдин турмушу абдан оор эле. Ошол жылдары Иракта катаал авторитардык режим өкүм сүргөн. Өлкөдө элдин жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан, коркуп турушат, себеби губернатор каалаган убакта сотсуз, тергөөсүз эле каалаган кишисин атууга кетире алган. Баары коменданттык саатка шылтоолонгон.

Светтик турмуш деген кыштактарда тургай, Багдаддын өзүндө да жок болчу, аял кишилердин баары паранжа кийип, бирок жүздөрү ачык жүрүшчү.

— Саддам Хусейнди көрдүңүз беле?

— Ооба. Ал кезде теледен аны керээли-кечке көрсөтүшчү. Албетте, өзү жетектеген режим үчүн жооптуу эле. Бирок экинчи жагынан, ала кушту атынан атоо керек, Саддам Хусейн абдан эр жүрөк киши болгон.

Калктын колунда ок-дары көп болгонун билип туруп, элди аралоодон коркчу эмес. Ал өз калкына ишенчү, жоон топ жан-жөкөрү да болгон эмес. 

Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык

— 2006-жылы Саддам Хусейн дарга асылды. Кандай кабыл алдыңыз бул кабарды?

— Андай кырдаалда мыйзам сыйлагандар чанда чыгат. Каддафини таптакыр эле тытмалап салышпадыбы. Андай адамдардын өмүрү дайым ошондой аянычтуу аяктайт. Тарыхта Хусейн андай тагдырга тушуккан биринчиси да, соңкусу да эмес.

Бир нерсеге токтолгум келет. АКШ БУУнун Коопсуздук комитетинин тийиштүү чечими жок туруп, Саддам Хусейндин режимин кулатуу боюнча согуштук операцияга киришкенде Кыргыз Республикасы Американы сынга алган. Ошол убакта Вашингтон менен мамилебиз абдан алгылыктуу экенине карабастан, биздин мамлекетибиз ушундай кадамга барган.

Ой келди сүйлөбөйт, жетекчини сындабайт! Дипломатка 10 "болбойт"
Ал билдирүүнү мен даярдагам. Министр документти окуп чыгып: "Казакстан мындай билдирүү жасады беле? – деп сурады. – Жок,- дедим. - Өзбекстанчы?" – деп тактады. Алар да жасаган эмес. Болгону Россия гана ушундай позицияны карманганын айттым.

Министр ошондо менден: "Чакан мамлекет андай оюнга аралашып эмне кылат? - деп сурады. - Биз кичинекей өлкөбүз. Эгер ири мамлекеттер бардык маселелерди курал менен чече турган болсо, биздин унчукпай койгонубуз — аларга колдоо көрсөткөндүгүбүз. Бул аларга кийинки ирет да чакан өлкөлөргө дал ушундай мамиле кылышына жол берет", — дедим мен.

Туура кабылдаңыз, биз Хусейндин режимин актаган эмеспиз. Бирок мындай маселени күч менен чечүү — натуура иш.

— Дипломаттардын эң чоң катачылыгы эмнеде?

— Бул кесипте эмоцияга орун жок. Биз муну жакынкы окуялардан — экс-президентибиздин эки ооз сөзү нечен жылдардан бери түзүлүп келе жаткан мамилени өзгөртүп койгонунан түшүнгүдөй эле болдук.

Көтөрүмдүүлүк — тышкы саясат менен алектенген адамдар үчүн абдан улуу нерсе. Сабырсыздыгыңды көрсөтпөшүң керек, ал эми өз сөзүңдү качан болбосун айтууга үлгүрөсүң. 

Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык

— Дипломат сөзсүз түрдө тийиштүү билим алышы керекпи? Көп учурда белгилүү инсандарды, маданий ишмерлерди, журналисттерди элчи кылып жөнөтүшөт.

— Кыргызстандын шартында тийиштүү билимдин болушу шарт. Биздин каржылык ресурстарыбыз өтө чектелүү болгондуктан, көп кызматкерлерди ишке тарта албайбыз. Биздин элчиликтерде орточо бештен киши иштейт. Манжа санагынан аз-маз ашарлык гана дипломатыбыз бар. Өтө аз.

Бул кызматка иштин көзүн билбегендерди тартууга болбойт, себеби өлкө тууралуу бардык маалыматтарды дайындап бере тургандай ашыкча кызматкер жок. Элчи өзү зирек болуп, барган өлкөсүнүн тилин, бардык кабарларды билүүгө тийиш.

Дипломаттардын саясий дайындалышы балким КМШ өлкөлөрүндө гана жөндүүдүр, ал жакта тил боюнча да, менталитет жагынан да көйгөй жаралбайт.

Бенилюкс өлкөлөрүндө (үч монархияны: Бельгия, Нидерланддар, Люксембургду камтыган союз — ред.) биздин элчи болгон Чыңгыз Айтматов – дипломатияда кадыресе көрүнүш. Анын тийиштүү билими жок болчу, бирок анын макамы да, салмагы да бар эле. Эч бир мамлекет башчысы аны менен жолугуудан баш тарта алмак эмес.

— 2005-жылдагы революция убагында министрдин орун басарлык кызматын ээлеп турдуңуз...

Моджахеддер жоокерлерди аеосуз кыйнашкан… Афган кан майданынан 7 баян
— Ошол окуяларга чейин эле абалдын начар экендигин түшүнгөнбүз. Кесипкөй дипломат бөлөк өлкөлөрдөгү кырдаалды дайым талдайт, эмнеликтен өз өлкөсүндө эмне болуп жатканын түшүнүүгө ошол эле методологияны пайдаланбасын?!

Кырдаалды өзгөртүүгө болот эле. Ошол кезде баары Акаевдин кийинки президенттик шайлоого барбашын талап кылган. Бирок журналисттердин түз суроосуна ал тике жооп берүүдөн тайсалдап, бийликтен кете турганын бир да ирет ачык билдирбей туруп алды.

Аянтка чыгып, мөөнөтү ошол жылдын октябрында аяктарын, андан кийин калк татыктуу президентин тандап аларын айтып коюусу гана жетиштүү болмок. Бирок Аскар Акаев кырдаалды башкача баалады. Эбегейсиз дарамети бар туруп, ал өз тегерегиндегилердин жетегинде калды.

Ал киши тарыхтан орун алмак, тагдыр ага ушундай мүмкүнчүлүк берген, бирок ал аны туура пайдалана албады. 

Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык

— Кыргызстандын мындан аркы тышкы саясий багытын кандай көрөсүз?

— Ачык айтуу керек, бүт дүйнө куралдануунун кезектеги жарышында турат. Кыргызстан сымал чакан мамлекеттердин абдан этият болушу абзел, тышкы саясат — өтө консеративдүү багыт, кээде ката кетиргенден көрө эч нерсе кылбай койгон оң.

Бул багыттан алып караганда, жеңил жыл болбойт. Андан көрө ички көйгөйлөрүбүзгө көңүл бурганыбыз дурус. Тышкы саясат менен алектенүүнүн зарылчылыгы жок, ал ансыз да бизди жай койбойт.