Радио

Сейдалиев: ичүүчү сууга уулуу заттарды аралаштыруу мүмкүн эмес

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев өкмөттүн токтомуна ылайык ичүүчү суу объектилери стратегиялык мекеме жайлардын катарына кирерин айтты.
Sputnik
Сейдалиев: ичүүчү сууга уулуу заттарды аралаштыруу мүмкүн эмес

Өлкөдөгү ичүүчү сууну бөлүштүргөн объектилер укук коргоо кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Бул тууралуу Мурадин Сейдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 35 таза сууну бөлүштүрө турган объект бар.

"Өкмөттүн токтомуна ылайык, ичүүчү суу объектилери стратегиялык мекеме жайлардын катарына кирет. Милиция кызматкерлери күнү-түнү кайтарууга алышат. Ички иштер министрлиги менен атайын келишимдин негизинде иштейбиз. Андан сырткары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен дагы кураторлорубуз бар. Алар менен байма-бай маалымат алышып-беришип турабыз. Андыктан, таза сууга кандайдыр бир уулуу химиялык заттар кошулуп кетиши мүмкүн дегенди четке какса болот. Кооптонууга негиз жок", — деди Сейдалиев.

Ошондой эле аткаминер жаз мезгилинде Бишкек шаары боюнча суу түтүктөрүн алмаштыруу жана ишке киргизүү боюнча бир катар иш-чаралар белгиленгендигин кошумчалады.