Көк бөрүдө депутаттар журналисттер менен катуу тирешип утуп алды

Негизги үч тайм эки команда тең улак таштай алган жок. Кошумча убакытта 1:0 эсеби менен Жогорку Кеңеш утуп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ата Мекенди коргоо күнүнө карата "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча жолдоштук беттеште депутаттар журналисттердин командасын жеңип алды.

Оюн талаасына журналисттер кызыл түстөгү форма кийип, эл өкүлдөрү жашыл форма менен чыгышты.

ЖКнын командасында төрага Дастан Жумабеков да ойноду. Биринчи бөлүктө эки команда тең тай казанга улак таштай алган жок. Бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, экинчи таймда дагы эсеп саны ачылбады. Үчүнчү бөлүктө дагы эсеп өзгөрүүсүз бойдон калып эч ким улак сала алган жок. Мындан улам кошумча дагы 10 мүнөт берилди.

Кыргызстандын 100дөй улакчысы аттары менен Сауд Аравияга барып көк бөрү ойнойт
ул убакыттын 5-мүнөтүндө Курманкул Зулушев менен Нурбек Тотонов экөөлөп барып тайказанга улак салды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги өкмөт мүчөлөрүнөн утулуп калган.

Эми аталган агенттик менен ЖМКдан түзүлгөн команда үчүнчү орун үчүн беттешет. Ал эми депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү финалда баш байге үчүн ат салышмакчы.

Депутаттардын командасы:

  • Канатбек Исаев — Жогорку Кеңештин депутаты, команданын капитаны;
  • Дастан Жумабеков — Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Төрөбай Зулпукаров — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Таалайбек Масабиров — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Урматбек Самаев — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Мирлан Бакиров — вице-спикер;
  • Курманкул Зулушев — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Нурбек Тотонов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Бактыбек Райымкулов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Айбек Алтынбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Талант Мамытов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Тазабек Икрамов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Нурбек Алимбеков — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Алтынбек Сулайманов — Жогорку Кеңештин депутаты.

Журналисттердин командасы:

  • Тынчтык Алтымышев
  • Анарбек Абазбеков
  • Каныбек уулу Ардак
  • Самат Жумакадыров
  • Стал Абдыжалилов
  • Тариэл Акназаров
  • Жапар уулу Орозаалы
  • Зулпукар Сапанов
  • Сыргак Бактияров
  • Азамат уулу Кылычбек
  • Бегалы Токтогулов
  • Максатберди уулу Кайрат