Бүгүн Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча жолдоштук беттеш өткөрүлдү. Мунусунда профессионал көк бөрүчүлөр ойногон жок. Алардын ордуна депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана журналисттер ат үстүндө күчүн сынап, улак тартышты.
Жалпысынан төрт команда ат салышты
Оюнга биринчилерден болуп вице-премьер Замирбек Аскаров жетектеген өкмөт менен Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов башында турган Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин командасы чыкты. Бул беттеш 6:5 эсеби менен өкмөттүн пайдасына чечилди.
Мындай жыйынтыктан кийин алдыңкы орундар үчүн кармаш жүрүп Спорт агенттиги журналисттердин командасын утуп үчүнчү орунду алды. Ал эми депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү финалда ат салышып, 2:0 эсебинде эл өкүлдөрү жеңишти камсыздады.
Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин атынан кимдер ойногонун бул жактан көрө аласыздар.
Бул турнирди ЖК депутаты Канатбек Исаев демилгелеп, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көк бөрү федерациясы уюштурган.
Максаты көк бөрү оюнун өнүктүрүү жана эл арасына жайылтуу, ошондой эле сергек жашоого үндөө, достук мамилени чыңдоо болуп саналат.