Дарыгерлерди алдап жүргөн! УКМК жалган кызматкеринин видеосун жарыялады

Шектүү мамлекеттик мекемелерди мыйзамсыз негизде текшерип жүргөн.
Sputnik

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-февраль күнү Коррупцияга каршы кызматтын өкүлүмүн деп алдап жүргөн кишини кармаган.

Жогорку жана шаардык соттун 7 судьясы рейдерликке тиешеси бар деп айыпталууда
38 жаштагы киши өзүн УКМКнын өкүлү катары тааныштырып, Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын №3 аймактык бөлүмүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз негизде текшерүү жүргүзүүгө аракет жасаган.

Анын жанында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында иштей турганын тастыктаган жасалма документи болгон.

Шектүү өзү билдиргендей, документтин үлгүсүн YouTube каналынан көрүп, үйүндөгү принтеринен окшоштуруп чыгарып алган.

Кармалган киши ар кайсы аймактардагы мамлекеттик мекемелерде текшерүү иштерин жүргүзүп келгенин моюндаган. Ал эреже бузууларды таптым демиш болуп, акча талап кылууну көздөгөн.