"Коопсуз шаардын" камерасын сындырмакчы болгон милиционердин кайда иштери айтылды

Окуя тууралуу билдирүү 21-февраль күнү кечке маал түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Беш-Күңгөй айылында "Коопсуз шаар" долбоорунун көчмө камерасын талкалоого аракет кылган милиционер ИИМдин Адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын Бишкектеги райондордун бириндеги кызматкери. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Эскерте кетсек, окуя тууралуу билдирүү 21-февраль күнү кечке маал түшкөн. Беш-Күңгөйгө көчмө камера орнотуп жаткан "Вега Оперейтинг" компаниясынын кызматкерине эки адам келип, эч себепсиз ишине жолтоо болуп, камераны талкалоого аракет кылышкан.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы факт Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге 119-берененин ("Бейбаштык") негизинде каттоого алынганын маалымдашкан.

Териштирүү учурунда камерага асылган адам Бишкек шаарынын райондорунун бириндеги Күзөт бөлүмүнүн кызматкери экени маалым болгон.

"Конфликт учурунда взводдун командири мас абалында болгон. Жерине Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери келген учурда дагы жоошуп калбастан, "милиционермин" деп ороңдогон. Буга байланыштуу ИИМдин ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү чакыртылган. Бирок взводдун командири аларга да баш ийбей, наркологиялык борборго баруудан баш тарткан", — деди маектеш.

Мындан сырткары, чуу жараткан видеонун каарманы буга чейин ИИМдин коопсуздук кызматында (азыркы Ички иликтөө кызматы) иштегени Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалым болду.

"Вега" компаниясынын оператору менен чырдаша кеткен учурда эмгек өргүүдө болгон. Ал бүгүн, 22-февралда, ишке чыгышы керек болчу. Милиционерге карата ички иликтөө иштери башталды.