Бишкекте жол чырактарга кошумча секция коюлуп, жол белгилери толукталды

Март айынын биринчи декадасында «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи бөлүгүн ишке ашыруу башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 22 –фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол чырактарга кошумча секцияны жана жол белгилерин орнотууну аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жол чырактын кошумча секциялары менен белгилер төмөндөгү көчөлөргө коюлду:

  • 7-Апрель/Горький (кошумча секция, солго кайрылуу, түндүктөн түштүккө, 4 тилке);
  • Курманжан-Датка/Чүй (жол чырактар жылдырылып, кошумча секциялардын убактысы узартылды);
  • Чүй/Фучик (батыштан чыгышты көздөй экинчи тилкеден солго бурулуу).

Исанов көчөсүнүн батыш тарабынан кыймылды жеңилдетүү үчүн Чүй менен Киев көчөсүнүн ортосуна "Токтоого тыюу салынат" деген белги коюлду.

Март айынын биринчи декадасында «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи бөлүгүн ишке ашыруу башталат. Анда мэрия дагы тогуз кесилишти талапка жараша иретке алып келет:

  • Бөкөнбаев/Манас;
  • Чүй/Манас;
  • Чүй/Павлов;
  • Жибек Жолу/Манас;
  • Махатма Ганди/Боталиев;
  • Жибек Жолу/Курманжан-Датка;
  • Ахунбаев/Байтик Баатыр;
  • Чүй/Абдрахманов;
  • Байтик Баатыр/Горький;