Өлкөдө канча дене тарбия мугалими билим берүүнүн мыктысы болгон? Расмий жооп

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисине ээ болуусу коомдо нааразычылыкты жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстан боюнча 66 дене тарбия мугалими "Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликте акыркы төрт жылдын гана буйруктары бар.

"Андан мурдагы жылдардагы маалыматтар мамлекеттик архивге өтүп кетет. Ал эми 2015-2018-жылдар боюнча айтсак, 66 дене тарбия мугалими аталган сыйлыкты алды", — деп айтылат билдирүүдө.

"Мыкты" боло албаган мугалим көп. Икрамов алган төш белги кимге берилиши керек
Эске салсак, 2018-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алган. Өмүр баянында жазылгандай, ал 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими болуп иштеген. Депутаттын сыйлыгы эл арасында бир топ нааразылыкты жараткан.

Ал эми апта башында юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго бул төш белги мыйзамсыз берилгенин айтып, бул боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысына кат жолдоду.

"Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кантип алууга болору тууралуу Sputnik агенттиги материал даярдаган.