Жээнбеков Путиндин Кыргызстанга келиши менен эмне өзгөрөрүн айтты

Бул жөнүндө өлкө башчы Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы жаңы чек ара комплексинин ачылышында билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары кыргыз-россиялык кызматташуусун мындан да бийик деңгээлге көтөрөт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков айтканын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул жөнүндө өлкө башчы Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы жаңы чек ара комплексинин ачылышында билдирди.

Президент салтанатка катышып жаткан Россиянын өкүлдөрүнө кайрылып, Кыргызстан Россия тараптын жардамын жогору баалаганын, чек ара жаатында гана эмес, аскердик-техникалык кызматташтык, билим берүү, медицина жана миграция тармактарында дагы жардамына ыраазычылык билдирди.

"Владимир Путиндин эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө жана аймактык коопсуздукту камсыздоого кошкон жеке салымын белгилегим келет. Жакында Владимир Владимирович Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Анын визити кыргыз-россиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт", — деди Жээнбеков.

Кадамжайда "Факел" чек ара заставасынын жаңы имараты ачылды
"Өтүкчү" чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында бүткөрүлдү. Макулдашуунун алкагында 2019-жылдын 15-январында Россия тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автомобилдик техника өткөрүп берген. Анын ичинде адам жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар жана бургулоочу жабдыктар бар.

Мындан тышкары, чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имарат жана жабдыктардын комплекси курулуп, ишке киргизилген, алардын көпчүлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында бүткөрүлдү.