Төралиева ОБСЕ академиясын директордун милдетин аткаруучу катары жетектеген, Дүйнөлүк, Азия өнүктүрүү банктарынын, ЮСАИД, ПРООНдун эл аралык кеңешчиси болгон, КР өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүн жетектеген (ошол кездеги өкмөт премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Сапар Исаковдун тушунда), 500дөн ашуун илимий жана журналисттик материалдардын, анын ичинде журналистика жана коомчулук менен байланыш боюнча окуу китебинин автору. Ошону менен бирге эле Гүлнур — мыкты жар жана эки уулдун энеси.
— Кош бойлуу кезиңизде да, көз жаргандан кийин да окуп, ал тургай иштепсиз. Бул туурасында кененирээк билсек...
— Дегеле кызык бир касиетим бар экен, эки жолу тең жашоомдогу эң кызык учурларда көз жардым. Тун уулум Артур Лондондо магистратуранын биринчи семестринен кийин төрөлдү. Ал кезде илимий журналистика боюнча билим алып жүргөм. Иш сапарлар, лабораторияларды кыдырмай көп эле.
Сентябрда сабак башталган, ал эми январда уулум төрөлдү. Лекцияларда көзүм илинип кетчү, бирок ошентсе да багынган жокмун, ал тургай, диссертациямды жазып койдум.
Алардын баарына кантип үлгүргөнүмдү билбейм, бирок ошол учур өмүрүмдөгү сыймыктанган убактардын бири. Мени Бишкекке бир колумда уулум, бир колумда City University London магистратурасынын диплому менен кайтам деген кыял дайым шыктандырып турчу.
Бишкекке эки-үч айлык уулум менен 2010-жылдын 7-апрелинде, баягы революциялык окуялар кайнап турган кезде кайттым. Биз учуп келген соң аэропортту жабышкан. Журналисттик кызыгуу кое бербейт экен, баламды ата-энеме калтырып, аянтка чуркадым. Кыргызстанда эмне болуп жатканы туурасында англис тилиндеги блогду жасадым. Лондондук тааныштарым жана досторум мага аябай таң калышкан.
— Баса, Лондондогу окутуучулар кош бойлуу деп сизге жеңилдик беришчү беле?
— Англияда бардык экзамен, эссе жана тесттер жазуу жүзүндө тапшырылат. Экзамендерде мага эч кандай артыкчылык берилген эмес. Окутуучулар студенттин номерин гана көрө алат, андыктан, кимдир бирөөгө өзгөчө мамиле жасай алышпайт. Ал эми группалаштарым мага күйүп, колдоп турушчу. Моралдык жактан да, тапшырмалар боюнча да жардам беришчү. Көз жарганымда мени сабакка кирип алсын деп кезектешип баланы карап да турушчу. Кышында, 22-январда, төрөгөм, Лондондо аябай ызгаар эле, ал эми мен алдын ала сөзсүз душка түшүү талабы коюлган лабораторияларга барышым керек. Суук тийгизип алуудан аябай чочулачумун. Аябай коркконум эле ошол болгон. Кудай жалгап мага "сиз жуунбай деле койсоңуз болот" деп калышты.
— Лондондогу ооруканада төрөттөн эч көйгөй болгон жокпу?
— Сегиз миллион калк жашаган калаадагы UCL хоспиталында ошол күнү төрөлгөн жалгыз ымыркай менин уулум экен. Ошондуктан көңүл борборунда болгонбуз. Чүрпөм менен бөлмөдө жатсам медайым, врачтар азиялык кичкинтайды көрүүгө улам баш багып, балага эзилип, сүйүнүп, колдоп жатышты. Супермаркеттерде да бура бастырышпай "Very new!" дешет эзиле. Мен аларга: "Ооба, жаңы төрөлдү, кыпкымындай",- дечүмүн.
— Экинчи кош бойлуулук кандай өттү, ал убакта турмушуңузда кандай окуялар болгон эле?
Жети айлык боюмда барда төрт же беш өлкөгө иш сапар менен бардык. Делегациянын курамында Жоомарт Каипович, маалымат катчы жана жан сакчы эле бар болчу. Ошондуктан фотоаппарат, камера жана лэптоп көтөрөм, себеби жансакчы жанына эч нерсе албоого тийиш. Утур эле артта калам, протокол кызматкери: "Гүлнур, бол бачым, жолугушуу башталды!" – деп кыйкырат. Өзүм пресс-релиз жазып, сүрөт тартып, видеону монтаждап, FTPге (файлалмаштыргыч) салам.
Боюмдагы 8,5 ай болгон кезде гана Монголияга барган жокмун. Бирок 14-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бардым, ал эми 30-сентябрда көз жардым. Төрөткө чейинки эки аптада премьер-министр менен 4-5 жолу жолуктук.
— Эне болгону өзүңүздө кандай өзгөрүүлөр болду?
— Балдарым мага жаратууга, иштөөгө, өзүмдү өзүм өстүрүүгө чоң күч берет. Алар үчүн эң мыкты болууга, алар мени менен сыймыктанып, менден үлгү алышына татыктуу болууга дайым тырышам. Экинчиден, менин жетишкендиктерим менен алардын жашоосу жакшы, окуп, саякаттоосуна шарт жаралсын дейм.
— Уулдарыңыздын ысымдарын ким койгон?
— Балдарды тарбиялоодо жолдошуңуз менен пикирлериңиз дал келишеби?
— Жолдошум Бельгияда, бирок бизден тез-тез кабар алып турат. Башта, Артур жаңы төрөлгөндө, пикирлерибиз эки ача болчу. Мен ээн-эркин болууну жактырам. Балдар оронуп-чулганбай, сууктан, аптаптан коркпой, ар кыл саякатты көтөрө билгендей болсун дейм. Артурду көтөрүп алып Лондонду көп кыдырдым, коомдук дааратканаларда жалаягын алмаштырдым, аялдамаларда эмиздим. Өтө эле үзүлүп түшпөөгө аракет кылам. Мисалы, бала жыгылып кетсе, күйпөлөктөбөйм, өз күчүн, эркин сынап көрсүн дейм. Албетте, акылга сыярлык деңгээлде. Ал эми жолдошум Шабдан "балдар ооруп калбасын, жыгылбасын" деп көп санааркайт, ошону менен бирге эле тазалыгы, ар бир күнкү тартиби жана окуусуна катуу талап коет. Бирок балдар мен түзгөн тартип менен жашайт. Мисалы, белгилүү бир графиктен тыш иштегенимде түшкү 12де ойгонуп калабыз, түштөнүүгө барабыз, бассейнге жөнөйбүз, сүрөт тартып же бир нерсе жасоо үчүн ийримдерге барабыз. Эртеден кечке чейин иште болгонумда алар бала бакчага жана мектепке барышат.
Өкмөттө иштеп турганымда балдарды бакчадан өзүм алып, тамактандырып, уктатып коюп, кайра жумушка жөнөчүмүн, 21.30дарда иште болуп калчумун. Ал кезде биз түнкү бир же үчкө чейин иштечүбүз. Бирок санаам тынч болчу, себеби балдар менен күндүз көрүшүп, сүйлөшүп алчумун.
— Балдарыңыз мамлекеттик бакча, мектепке барабы же менчик мекемелерди тандадыңыз беле?
— Балдарым менчик мектеп жана бакчага барат. Аланды Монтессори методикасы менен тарбиялаган бала бакчага бергенбиз. Ыңгайлуу графиги, тамактануу маалы бар. Ал эми улуу уулубуз бир нече мектеп алмаштырды, анткени өзү бир башкача бала. Артур аябай эпчил, катуу тартипке баш ийе бербейт. Алгач мамлекеттик мектепке барчу, эки ирет аны бурчка тургузушуптур. Өзү дүйнөнү сезимдер аркылуу кабылдайт, кучакташып тургусу келет, башка ата-энелер ал балдарды тажатып жатат деп даттанышыптыр. Андан тышкары, англисче жакшы сүйлөйт. Досторум да ага таңгалышат. Бир жарым жашында Артур курбуларымдан трапеция канча бурчтуу болорун англисче сурап, бардык көп бурчтуктарды англисче атап чыкчу. Ошол себептен, биринчи класста ал алфавиттен баштап окуудан өтө зериккен. Ал эми менчик мектептерде эгер бала курбалдаштарынан алдыда болсо, анүчүн атайын прогрессивдүү программаны тандоого мүмкүндүк бар. Үч мектепти алмаштырдык. Бул биз үчүн тынымсыз процесс, анткени окуунун жүрүшүндө балага жагып жатабы, жылыш барбы деп сереп салып турабыз.
— Үй-бүлөңүздө кандай адаттарды карманасыздар?
— Саякаттоо салтыбыз бар. Кышында бир, жайында бир жолу сапарга чыгарыбызды так билебиз. Жарым жыл мурун кайда барарыбызды аныктап алабыз. Ар кайсы өлкөлөрдү балдар менен изилдеп чыгабыз. Апам айткандай, "глобусту чукулап отурабыз". Глобустан карайбыз. Мурда чет өлкөгө жылына бир ирет гана чыгууга шартым бар эле. Азыр жылына жок дегенде эки ирет саякаттайм деп максат коюп алгам. Жаныма сөзсүз ата-энемди жана балдарымды кошо алам.
— Балдар жолдон кыйналбайбы?
— Негизи ата-энем да, балдарым да абдан жакшы сапарлаштар. Саякат маалында эч качан талашып-тартышпайбыз. Сегиз жыл мурун эле саякат баарыбызга жагымдуу болушу керек, ошондуктан эч бирибиз маанайыбызды бузбайбыз деп макулдашып алганбыз. Андыктан, ата-энем бул жагынан "буддисттердей" болуп калган, балдар аэропортто полдо отуруп, рейсти күтүп жатканда ойноп, учакта үстүбүзгө шире, кола же тамак төгүп алса да унчукпай көтөрүшөт. Чындап эле бала менен саякаттоо сабырдуулук, көтөрүмдүүлүккө үйрөтөт. Уулдарым адамдардын териси ар кыл түстө болорун, дүйнөдө көптөгөн эл жана тилдер бар экенин билип калышты, дүйнө таанымы кеңейүүдө, алар да сабырдуу тартып баратышат.
Качандыр бир кезде ата-энем менен балдарыма дүйнөнү көрсөтөм деп максат койгом, ошону ишке ашыруудамын. Той бербейбиз, машинадан машина алмаштырбайбыз, күнүмдүк керектөөбүздөн ашканын окууга жана саякатка жумшайбыз.
— Эмдөө боюнча пикириңиз кандай?
— Эки баламды тең эмдеткем, ал эми кенжесин дагы да эмдетем. Бул туурасында аябай көп адабият барактап чыктым. Тун балам бардык эмдөөсүн убагында алды, ал эми экинчи уулумду үч жашынан тарта эмдете баштадым. Былтыр баарын топтоп бир алдык. Болгону балам эмдөөсүз үч жашка чейин кандай болорун байкап көрөйүн дегем. Албетте, мен бул жаатта эксперт эмесмин, айтканымды кеңеш катары кабыл албаңыздар, себеби бул балдардын өмүрү үчүн чоң тобокел. Менимче, бала чоңойгон сайын эмдөөнү жеңил көтөрөт. Мисалы, Аланды эмдеткенде кыйналган жок, жеңил өттү.
— Үйдө отурган, иштөөгө чыгына албаган жаш энелерге эмне дээр элеңиз?
Маек "Биз — ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул — ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо боюнча социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлө институтун жана калктын саламаттыгын бекемдөө максатында үй-бүлөнү жаңылбай куруу, аны менен бирге эле кош бойлуулук, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо жаатында маалымдуулукту арттырууну максат кылат. Мындан сырткары, рубрикада таанымал кыргызстандыктардын жана оор кырдаалга кептелгендердин ата-энелик милдеттери тууралуу маектери да орун алат. Программада акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун пайдалуу кеңеш, сунуштары да камтылат.