ЖКККББ: жолтандабас окуучуларды эмес, аялдарды коюп кеткен

Жол кырсык 21-февралда "ШампанВинКомбинаттын" жанында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жолтандабас окуучу кыздарды эмес, эки аялды коюп кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин күбө 21-февраль күнү "ШампанВинКомбинаттын" жанынан эки кызды унаа коюп кеткенин Sputnik агенттигине билдирген. ЖКККББнын маалымат кызматы дагы эки кыз жабыркаганын айткан.

"Кырсыктан кыздар эмес, 59 жана 35 жаштагы аялдар жабыркаганы такталды. Алардын биринин баш мээси чайкалса, экинчисинин буту сынып кеткен", — дешти милициядан.

Аталган факты Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынып, экспертиза дайындалды.