Кыргызстандык жаачылар эл аралык мелдеште күч сынашат

Дакка шаарында өтчү спорттук иш-чарага өлкө атынан төрт спортчу катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жаачылар Бангладештеги эл аралык мелдеште ат салышат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Дастан Лепшаков баштаган бильярдчылар Россиядагы дүйнө чемпионатына барат
Маалыматка ылайык, Ислам тилектештик уюмунун эл аралык чемпионаты 22-февралдан 27-февралга чейин Дакка шаарында өтөт. Ага өлкө атынан жаа атуу боюнча Асел Шарбекова, Улугбек Курсаналиев, Канатбек кызы Диана жана Айтурган Маматкулова катышмакчы.

Кошумчалай кетсек, аталган спорттук иш-чарага өткөн жылы атамекендик спортчулар катышып, эки коло медаль тагынып кайтышкан.