Депутат Икрамов төш белги боюнча: агартуу тармагында иштебесем да эмгегим бар

Эл өкүлү сыйлыкка аны Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитети көрсөткөнүн айтып, билим берүү тармагына кандай салым кошконун тизмектеп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Депутат Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси тууралуу Facebook баракчасына оюн билдирди.

Буга чейин юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси мыйзамсыз берилгенин айтып, бул боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысына кат жолдогон.

Эл өкүлү сыйлыкка аны Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитети көрсөткөнүн айтып, билим берүүгө кандай салым кошконун тизмектеп кеткен.

"Мага министрлик тарабынан берилген "Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси боюнча коомчулукта ар кандай пикир жаралды. Кесибим, алган билимим агартуу тармагында. 2004-жылдан бери агартуу тармагында эле эмгектенбестен, жаштардын спортко болгон кызыгуусун да арттырып, аларды колдоп келем. Биз даярдаган жаштар республикалык жана эл аралык масштабда бир топ ийгиликтерди жаратты. Депутат болгондон бери көбүнчө билим берүү системасына тиешелүү маселелерди көтөрөм. Үч жыл аралыгында курулган мектептер, ремонттон өткөн окуу жайларында кандайдыр бир деӊгээлде үлүшүм бар экенин кесиптештерим, министрлик жакшы билет", — деп жазган Икрамов.

Депутат ошондой эле алган сыйлыгы боюнча дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин да кошумчалаган.

Билим берүү, маданият жана миграция. Депутат Икрамовду "мыкты" кылган сыйлыктар
"Үч жыл аралыгында билим берүү системасындагы мыйзамдарды өзгөртүүдө жана толуктоодо менин аракеттериме баа берген Жогорку Кеңештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитети атайын чечим чыгарып, ушул төш белгиге көрсөтүшкөн. Башкача айтканда, бул сунуш жана чечим меники эмес, комитеттики. Бул жерде эч кандай коомчулукту дүрбөлөңгө салчу маселе жок", — деген эл өкүлү.

Эске салсак, 2018-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алган. Өмүр баянында жазылгандай, ал 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими болуп иштеген.