Спектаклге келиңиз, түшкөн каражат онкологияга чалдыккан балдарга жумшалат

Кайрымдуулук спектакли беш күнгө уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры "Жардам берүү оңой" коомдук фонду менен биргеликте беш күн бою "Письма-самолётики" деп аталган спектакль коёт. Бул туурасында аталган театрдын директору Жолдошбек Жанжигит уулу билдирди.

Чарчайт, кубарат, көп тумоолойт. Баладагы рак илдетинин белгилери
Анын айтымында, спектаклде айыккыс илдетке кабылган баланын тагдыры чагылдырылат.

Кайрымдуулук спектакли 20-февралдан 24үнө чейин күн сайын жаш көрүүчүлөр театрында көрсөтүлөт. Саат 19.00дө башталмакчы. Түшкөн каражаттын баары Кыргызстандагы онкологиялык оорудан жапа чеккен балдарга жардам иретинде берилет.