Иракта бир энеден туулган жети ымыркай тең чарчап калды

Эмнегедир буга чейин эне менен балдардын ден соолугу жакшы экени айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Иракта табигый жол менен жети балалуу болгон эненин бардык ымыркайлары чарчап калды. Бул тууралуу жергиликтүү al-Sumaria телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, буга чейин Ирактын Дияла провинциясынын 25 жаштагы тургуну табыгый жол менен алты кыз жана бир уул төрөгөнү айтылган. Төрөткананын башкы дарыгери Али Шариф эч качан мындай окуяга туш болбогонун айтып, энеси менен балдардын абалы жакшы экенин кабарлаган.

"Бир нече күн мурда жарык дүйнөгө келген жети ымыркай тең ооруканада чарчап калды", — деп жазылат макалада.

Алардын өлүмүнө эмне себеп болгону айтылган жок.