Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду

Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ниязалиев элчилик кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы айтылат. Ал элчилик кызматка 2015-жылы 8-декабрда дайындалган болчу.