Жумаканов: Оштогу резинадай жумуртка Ысык-Көл облусунан барган

Интернетке Ошто резинадай чоюлган жумурткалар пайда болгону тууралуу видео тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Интернеттеги резинадай чоюлган жумуртканын партиясы сырттан кирген эмес жана табигый жактан таза. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып айтты.

"Интернетке жумуртка боюнча видео тарагандан кийин дароо кызматтык иликтөөлөрдү баштадык. Видеодогу жигитти дагы таптык. Ал жумурткаларды Ош шаарындагы "Арча" деген чакан базардан сатып алыптыр. Жумурткалар алынган соода түйүнүн текшерип көргөнүбүздө товар толугу менен Ысык-Көл облусунан келгени белгилүү болду. Жумурткалардан бардыгы табигый экен. Бирок курамын тыкыр текшерүү үчүн лабораторияга берилди", — деди Жумаканов.

Ал кошумчалагандай, буга чейин жумурткалар коңшу өлкөдөн кириши мүмкүн делген божомол аныкталган жок.

Ошондой эле Ош шаарына жумуртка жеткирип турган ысыккөлдүк ишкана дагы текшерүүгө алынары айтылды.

Оштогу резина жумуртка: жабырлануучу кайсы органга кайрылышы керек
Эске салсак, 17-февраль күнү социалдык тармактарда өзүн Ош шаарынын тургунумун деп тааныштарган адам жумуртканын сарысы резинадай чоюлуп жатканын көрсөтүп берген видео тараган. Кадрда сүйлөп жаткан адам жумуртканы базардан сатып алганын айткан.

Андан соң бул окуя боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Канаттууларды багуучулардын ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиев өз пикирин билдирип жатып, сапатсыз жумурткалар Өзбекстандан кириши мүмкүн деген оюн айткан

Бир нече сааттан кийин өзбек тарап буга жооп кайтарды. Өлкөнүн Ветеринария комитетинин жетекчиси Алижон Жураев буга чейин Кыргызстанга жумуртка экспорттоо боюнча эч ким уруксат сурап кайрылбаганын айткан.