Райондук сот Хашым Зайналиевдин ишин мыйзамсыз деп тапты

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тарта Зайналиевдин ишмердигине тыюу салынат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Октябрь райондук соту Хашым Зайналиевдин ишин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады
Ага ылайык, райондук сот прокуратуранын даттануу арызын канааттандырды. Белгилей кетсек, прокуратура Хашым Зайналиевдин жеке медициналык практика менен алектенүүсүн жана лицензияланбаган дары-дармекти колдонуусун мыйзамсыз деп табуу боюнча даттануу арызы менен Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тарта Зайналиевдин ишмердигине тыюу салынат.