"Поле чудес" берүүсүнө келген тамак-ашты талап кетишет. Видео

Соцтармактын колдонуучулары катышуучулар тарабынан алып келинип студияда калган тамак-аш эмне болорун көрсөткөн эфирге көңүл бурушкан.
Sputnik

15-февралда көрсөтүлгөн оюндун эпизоду YouTube каналына жарыяланган.

Кадамжайлык багбан: "Поле чудес" берүүсү менен Путинге кооз алма жибергем
Кадрдан программа бүтөөрү менен студияда отурган эл барабандагы дүйүм тамакты талап кеткенин көрүүгө болот. Көрүүчүлөрдүн кээси көбүрөөк алууга ашыкса, айрымдарынын пакетке салып жатканы да тартылган.

2018-жылдын июнь айында "Комсомольская правда" гезитине берген маегинде программанын алып баруучусу Леонид Якубович берүү аяктаган соң студиядан болушунча тезирээк чыгып кетүүгө аракет кыларын айтып берген.

"Тартуу иштери аяктаары менен студиядан чыгып кетүүгө аракет кылам. Анткени элдин баары тамак-аш коюлган барабанга умтулушат. Муну көрүш керек. Пирожноелерди чөнтөккө, койнуна салып алгандарды көрүп таң каласың. Администраторлор "балдарды тебелеп кетпегиле!" деп кыйкырып жүрүшөт. Студияга курсак тойгузуу үчүн келишкендей эле. Эч нерсе калбай калат", — деген Якубович.

Бул учурдун видеокадрлары соцтармактагыларды бир топ таң калтырды. Кыргызстандыктар бул эпизод кыргыз тойлорун эске саларын жазып чыгышкан.

"Биздин "баштык" операциясына окшош экен", — деп жазган бири.

​Айрымдары россиялыктар деле кыргызстандыктардан кем калбай столдун үстүн "тазалап" кетерин белгилешкен.