Окумуштуулар курсактагы майды кетире турган азык-түлүктөрдү атады

Курамында белок бар тамак адамды тоюмдуу кылып, зат алмашууну жогорулатат жана калориянын санын азайтат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Окумуштуулар курсактагы ашыкча майды кетирүүгө (эритүүгө) жардам берген азык-түлүктөрдү тизмектегенин Известия маалымат агенттиги британиялык Daily Express басылмасына шилтеме берип жазды.

Окумуштуулар депрессиядан арылтчу диетаны айтышты
Окумуштуулар "Белокту туура колдонуу менен ичтеги майдан арылуу" деп аталган иликтөө жүргүзүшкөн. Натыйжада сымбаттуу дене түзүлүшкө ээ болуу үчүн белокту көп өлчөмдө колдонуу керек деген пикирге келишкен.

Курамында белок бар тамак адамды тоюмдуу кылып, зат алмашууну жогорулатат жана калориянын санын азайтат.

Мындан тышкары, арыкчырай болом дегендер клетчаткага бай азык-түлүк колдонуп, кумшекерден, углеводдон жана таттуу суулардан баш тартканы оң.