Журналисттер кантип туура тамактануу керектигин үйрөнүшөт

Тренингге өлкөнүн жети облусунан баш-аягы 35 журналист катышмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Борбор калаада жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн туура тамактануу боюнча окутуу өткөрүлөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Иш-чара 27-февралда болот.

"Максат — азык-түлүктүн жана тамак-аштын коопсуздугу боюнча сапаттуу жана кызыктуу материалдарды даярдоого көмөктөшүү, үйрөтүү. Телерадио берүүлөр, жазылган материалдар аркылуу туура тамактануунун канчалык маанилүү экендигин коомчулукка жеткирүү", — деп айтып беришти аталган фондудан.

Туура эмес тамактануудан өлүм көп катталган өлкөлөр. Кыргызстан 3-орунда
Журналисттерди жергиликтүү, кыргызстандык адистер окута турганы маалым болду.

Тренингге Бишкек шаарынан жана өлкөнүн жети облусунан баш-аягы 35 журналист катышмакчы.

Адистердин баамына караганда, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу курч маселе бойдон калууда. Жарандар туура эмес тамактангандыктан Кыргызстан жыл сайын 30 миллион доллар жоготот. Мындай рацион ден соолукка терс таасирин тийгизип, социалдык секторго бир топ күч келтирет. Мындан сырткары, жарандардын айрым бөлүгү акча жоктугунан курсагы тое тамак жебейт.