Эртең Бишкекте 15 мектеп, 27 бала бакча иштебейт. Себеби айтылды

"Орто-Алыш" суу кампасындагы жаңы скважиналарды орнотуу иштеринен улам мындай ыңгайсыздык жаралган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы 15 мектеп менен 27 бала бакча муздак суунун токтогондугунан улам бир күн иштебейт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Мындан улам, №: 3, 14, 17, 20, 26, 37, 39, 56, 60, 63, 71, 13, 55, 72, 80 мектептерде окуучулар сабакка барбайт. Андан сырткары, адистештирилген №: 85, 87, 104, 117, 122, 134, 174 жана адаттагы №: 10, 44, 71, 79, 82, 94, 107, 109, 111, 112, 120, 123, 127, 133, 135, 138, 140, 142, 157, 173 бала бакчалар иштебейт", — деп билдиришти мэриядан.

Маалыматта калаанын бир катар аймагын ичүүчү суу менен камсыздаган "Орто-Алыш" суу кампасындагы жаңы скважиналарды орнотуу иштеринен улам мындай ыңгайсыздык жаралганы айтылды.

Бишкекте Фучик көчөсүн кеңейтүү башталды
Буга чейин мэриядан кайсы аймактарда суу болбой тургандыгын кабарлаган эле.

Анда "Бишкек суу канал" менен "Бишкек жылуулук энерго" ишканасындагы жүргүзүлгөн оңдоолордон улам 19-20-февраль аралыгында элге суу берүү токтотулары кабарланды.

Ысык суунун өчүрүлүшү боюнча суроолор жаралса, "Бишкек жылуулук энерго" ишканасындагы диспетчердик бөлүмгө (0312) – 212 – 906, суу менен камсыздоо маселеси боюнча "Бишкек суу канал" ишканасына (0312) 56-03-20 телефон номерлери аркылуу кайрылса болору айтылды.