БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 17-февраль күнү саат 8.00дөр чамасында Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа түркүктү сүзүп алган.
Куткаруучулар салонго кыпчылып калган айдоочуну чыгарышкан. ЖКККББнын маалыматына караганда, ал 34 жаштагы А.Т. аттуу жаран экени маалым болгон. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде көз жумган.
Унаада 39 жаштагы А.М. аттуу аял да болгону айтылат. Ал оор жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Мындан сырткары, катта министрликтин жетекчилик кызматтагы адамдары, анын ичинде Абдыкаров Россиядан уурдалган унаалардын кара базарын уюштурганы айтылган. Катта белгиленгендей, унаалар Казакстан менен Кыргызстан аркылуу Тажикстанга жөнөтүлүп, ал жактан баңгизатына алмаштырылган делет. Ал эми баңгизат кайра Россияга жөнөтүлүп турганы кошумчаланган. Белгилей кетчү жагдай, мурдараак укук коргоочулар ушундай кылмышка шектелгендер кармалганын жар салган.
Ички иштер министрлиги Тойдиев жарыялады делген маалыматты болбогон нерсе катары сыпаттап, мындай материалдар ички иштер органдарынын беделине шек келтирүү максатында жасаларын белгилешти.
Ошондой эле укук коргоочулар 23-январь күнү ИИМди айыптаган материал чыккандан кийин Арсланбек Тойдиев өзү байланышка чыгып, мындай нерсе жазбаганын билдиргенин маалымдашты.
Тойдиевдин бул боюнча айткандары YouTube каналына жарыяланган.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдиргендей, маркум Арсланбек Тойдиев тирүү кезинде Кыргызстанга унаа алып кирип, аны сатып иштечү.