Мелис Турганбаев эки колонияга барып нааразы болду. Сүрөт

ЖАМК төрагасы №47 түзөтүү колониясы менен №32 жатак колониясын көрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Мелис Турганбаев Бишкектеги колонияларды кыдырып, ишин көрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев ЖАМК төрагалыгына 8-февраль күнү дайындалган.

"Алгач жетекчи №47 түзөтүү колониясына барып, аймагын кыдырды. Борбордук оорукананы, диний экстремизм менен террорчулукка айыпталып камакка алынгандарды кармоочу жайды көрдү. Турганбаев камактагылар жана бейтаптар менен сүйлөштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күнү абактан качкандардын саны миңге чамалайт. Себеби эмнеде?
Колонияны кыдырып чыккандан кийин Турганбаев инфраструктуранын объектилеринин абалы жана медициналык жабдуунун жетишсиздигине нааразы болду.

Андан соң жетекчи №32 жатак колониясына барганы айтылат.

Сапарынын жыйынтыгы менен Турганбаев жыйын куруп, тез арада аткарылышы зарыл болгон тапшырмаларды берди. Анын катарында №47 түзөтүү колониясынын аймагынан өздүк курам машыга турган спорттук базанын орду үчүн жер бөлүү жана №32 жатак колониясын бейтапкана менен ЖАМКнын госпиталы катары кайра түзүү маселесин кароо бар.