Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Көпчүлүк аймактарга кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Абанын температурасы Чүй облусунда +1…+6, Таласта +2…+4, Ошто +2…+7 градус жылуу, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0…+5, Нарын аймагында —3…-8 градус суук болору болжолдонду.

Ош шаарында жамгыр аралаш кар жаап, күндүн табы +3…+5 градус болсо, ал эми Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +4…+6 градуска чамалап барат.