Чүйдө беш жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктады. Сүрөт

Мектеп 150 балага ылайыкталып, курулушка 50 миллиондон ашык сом жумшалган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районундагы Мураке айылында пайдубалы 2014-жылы түптөлгөн мектеп толук курулуп бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мектепке 150 бала батат. Аны курууга 50 миллион 468,5 миң сом жумшалган. 

Чүйдө беш жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктады. Сүрөт

"Мектепте физика, химия, информатика кабинеттери каралган. Андан сырткары, жабык спорт зал менен ашкана дагы бар", — деп айтылат маалыматта.

Учурда мектепке парталар коюлуп чет жакасы иретке келтирилүүдө.

"Эски мектеп 1933-жылы курулгандыктан авариялык абалга келип, сабак өтүүгө кооптуу болуп калган. Андыктан жаңы мектеп куруу мезгилдин талабы болчу",- деп айтылат агенттик тараткан билдирүүдө.