Бийлик инвесторлорго Бишкекке жаңы стадионду чогуу курууну сунуштап жатат

Кызыкдар болгон инвесторлор 25-февралга чейин арыздарын жибериши керек.
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги инвесторлорду Бишкекте көп функционалдуу футбол аянтын чогуу курууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Азия кубогундагы ийгиликтүү кадамы. FIFA жыйынтык чыгарды
Стадион футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) талаптарына жооп бериши керек.

Кызыкдар болгон тараптар долбоорго катышуу тууралуу ниетин 25-февралга саат 18:00гө чейин goskomsport05@mail.ru электрондук дарегине жана Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү-17 дареги боюнча жиберүүгө болот.

Жаңы стадион куруу керектиги боюнча маселе Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыккандан кийин көтөрүлө баштаган.