Жол эрежесин бузгандагы айып жөнүндө телефондон билүүгө болот. Жол-жобосу

Тиркеме маалыматтарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тартип бузуулар боюнча расмий маалыматтар топтомунан алат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Айдоочулар эми "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузгандыгы үчүн кандай айыпка жыгылгандыгын чөнтөк телефонунан эле билип алса болот. Бул туурасында мамлекеттик "Инфоком" ишканасы билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында "ШтрафИнфо KG" деп аталган мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Камералар сиздин жол эрежесин бузганыңызды тартып алган-албагандыгын онлайн тартипте көрсөтүп берет. Аны Android жана iOS сматфондорунан биле аласыз", — деп айтылат маалыматта.

Камерадан качтыбы? Милиция номерлерине ылай чампалап салган айдоочуларды издейт
Тиркеме маалыматтарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тартип бузуулар боюнча расмий маалыматтар топтомунан алат. Айдоочу ПИН кодун же юридикалык тарап өздүк номерлерин (ИНН), андан сырткары, унаасынын мамлекеттик номерин киргизиши керек. Бул — тиркеменин алгачкы түрү.

Экинчи этапта колдонуучуларга жаңы айып пулдар жана аны онлайн төлөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат автоматтык түрдө келе баштайт.

"Инфокомдон" аталган тиркемени келечекте кеңейтүү, мүмкүнчүлүктөрүн арбытуу ниети бар экендигин айтышты.

Каалаган адамдар тиркемени бул жерден көчүрүп алса болот: