БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин жаңы жагдайлардан улам кайтадан карап чыгуу өтүнүчү менен жактоочулары Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу Чолпон Жакупова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. Учурда экс-депутаттын кызыкчылыгын Жакупова жетектеген "Адилет" укук клиникасы коргоп жатат.
Жакупованын айтымында, алардын сунушу Жогорку соттун канцеляриясында 13-февралда каттоого алынган.
Адвокат алар үч нерсени талап кылып жатышканын белгиледи:
- кылмыш ишти жаңы жагдайлардан улам кайра карап чыгуу;
- Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу;
- ишти кайтадан карап чыгуу үчүн аны Биринчи Май райондук сотуна берүү.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Текебаев буга чейин президенттен ырайым сурабай турганын билдирген болчу.