Тай казан чуусу: Астана түртмөлөгөн көкпардын көк бөрүдөн айырмасы эмнеде?

Быйыл күздө Өзбекстанда көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт. Эми улакчылар кайсы эреже менен ойнойт деген суроо кызыктырууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кечээ, 14-февралда, Дүйнөлүк көкпар ассоциациясы Астанада көкпар оюнунун эл аралык эрежесин кабыл алды. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Россия жана Афганистан болуп тогуз өлкө катышты. Кыргызстандан расмий өкүл барган эмес.

Анда көк бөрүнүн эрежеси бир топко өзгөртүлдү. Аттардын жана улакчылардын коопсуздугу үчүн деген жүйө менен эл аралык мелдештер тай казаны жок өтмөй болду. Башкача айтканда, Казакстан буга чейин сунуштап келген көкпардын эрежеси киргизилди.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги көк бөрү менен көкпардын эрежелерин салыштырып, негизги айырмачылыктарын карап чыкты.

Көкпар

Көкпар оюнунда көк бөрүдөн айырмаланып 33-35 килограммдык муляж тартылат. Ал муляжды диаметри 3 метр болгон тегерек чийинге ташташат. Оюн талаасынын узундугу 220, туурасы 70 метр. Оюн 20 мүнөттүк эки бөлүктөн турат. Ошондой эле аттардын арткы туяктарына така кагылбайт. 12 улакчы, 12 ат оюн талаасына төрт-төрттөн чыгышат. Мында тескерисинче, ар бир команда муляжды өзүнүн тегерек чийинине таштап, упай чогултат.

Көк бөрү

Тай казан чуусу: Астана түртмөлөгөн көкпардын көк бөрүдөн айырмасы эмнеде?

Көк бөрү оюну 20 мүнөттөн турган үч бөлүк менен өтөт. Теке же серкени улак кылып тартышат. Улактын салмагы союлгандан кийин (төрт шыйрагы жана башын алып салат) 32-35 килограммды түзөт. Ал эми оюн талаасы баткак болсо 27-30 килограмм болушу керек. Оюн талаасынын узундугу 200 метр, туурасы 70 метр. Атаандашынын тай казанына эң көп улак таштаган команда жеңишке жетет. Команданын курамында 12 улакчы, 12 ат болот. Оюн талаасына ар бир командадан төрттөн улакчы чыгат.

Көк бөрү менен көкпар качан пайда болгон?

Көк бөрүнүн эрежесин 1996-жылы кинорежиссер Болот Шамшиев иштеп чыккан. 2001-жылы Бишкекте Эл аралык Көк бөрү федерациясы негизделген. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип "Көк бөрү" деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган. Учурда федерацияга кирген өлкөлөрдүн катары калыңдап Россиянын субъектилери (Татарстан, Иркутск, Красноярск, Алтай, Новосибирск) Монголия, Афганистан, АКШ жана Түркия дагы бар. Ошондон бери эл аралык мелдештер көк бөрүнүн эрежеси менен өтүп келген.

Эмне деген улакчылар, эмне деген аргымактар! Кыргыз-өзбек таймашынан сүрөттөр
Деген менен 2017-жылы Астанада Түрк тилдүү элдердин ассоциациясы негизделген. Ошол эле жылы "Көкпар" деп жаңы эреже киргизилип Дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн. Бул оюндун түзүүчүлөрү — Казакстан.

Ал эми кечээ, 14-февралда, Астанада Түрк тилдүү элдердин ассоциациясы деген аталыш Дүйнөлүк көкпар ассоциациясы деп өзгөртүлгөнү маалым болду. Ушул жыйында тогуз мамлекет көкпарды эл аралык эреже деп таанууга макул болду.

Быйыл күздө Өзбекстанда көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт. Эми улакчылар кайсы эреже менен ойнойт деген суроо кызыктырууда. Себеби бир ай мурда эле Ташкентте Эл аралык Көк бөрү федерациясынын конгресси болуп, анда чемпионатты көк бөрүнүн эрежеси менен өткөрүү бекитилген болчу.

Эртең, 16-февралда, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жана Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов ушул теманын айланасында маалымат жыйын өткөрөт.

Көк бөрүнүн тарыхы

Көк бөрү — ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Мелдеш учурунда аттар да, ат үстүндөгү улакчылар да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, эпчилдикке, шамдагайлык менен топту жарып кирүүгө тарбияланат.

Көчмөндөр коомунда эркектер элин багуу үчүн ууга чыгып, мал-жандыкты аксакал, аялдар жана жаш балдар карап калган. Ошол учурда малга карышкыр тийип, элди түйшүккө салат. Аңчылыктан келген жигиттер буга катуу ачууланып күлүк аттары менен бөрүлөрдүн үйүрүнө бастырып барып, карышкырларды жерден эңип, бири-бирине ыргытып, тартып ойношкон.