Мэр Азиз Суракматовдун күчтүү жана алсыз жактарын графолог айтып берди. Видео

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги графолог (кол жазма аркылуу адамдын мүнөзүн аныктаган адис — ред.) Арсланбек Камчыбековго бир нече таанымал саясатчылардын кол жазмаларын чогултуп берип, айткандарын видеого тартып жарыялап келет.
Sputnik

Бул ирет графологго Бишкек мэри Азиз Суракматовдун кол жазмасы туш келди, адис анын оң жана терс сапаттарына токтолду.

Белгилей кетчү жагдай, графолог кимдин кол жазмасын карап жатканын алдын ала билген эмес.

"Абдан кенен адам. Өзүнө жана айланадагыларга талап койгонду билет. Эрктүү, кайраттуу адам. Сабырдуу. Абдан сак киши. Муну үтүр, чекиттеринин көптүгү айтып турат. Көпчүлүктүн чордонунда болгонду, көңүл бурдурганды жактырат. Бирок катаал киши, себеби калемди катуураак басып жазыптыр. Башкалар менен чогуу иш кылган адам. Өзүнүн демилгеси, ою бар. Бирок тапшырма берилмейинче иш аткара албайт", — деп сыпаттады графолог.

Жээнбеков, Абылгазиев, Жумабеков… Бийликтегилердин бой-салмагы канча
Арсланбек Камчыбеков белгилегендей, толук анализ кылуу үчүн жазуулары бар бир нече барак, кенен убакыт керек. Ал төмөнкү анализди "үстүртөн, жалпы жонунан жасалган" деп мүнөздөдү.

Буга чейин графолог экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талуу жерин айтып берген.

Арсланбек Камчыбеков — графолог, профайлер-верификатор, ИИМ Академиясында жана башка юридикалык окуу жайларда психология сабагынан окутуучу болуп эмгектенген. Милициянын отставкадагы подполковниги. Калпты аныктоону профессионалдык деңгээлде өздөштүрүү үчүн, өзүнүн айтымында, Москва шаарындагы Калпты изилдөө эл аралык академиясынан билим алган.