БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
Жыйын учурунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айыпталгандарга карата кандай кылмыш иштери козголгонун жана алардын камакка алынган мал-мүлкүнүн суммасын айтты.
Андан сырткары, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпкерлерге таандык болгон 413 миллион 885 миң 392 сомдук кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө камак коюлган.
Айыпталгандардын камакка алынган мал-мүлкүнүн көлөмү төмөнкүдөй:
Сапар Исаков — 1 миллион 801 миң 833 сом;
Жантөрө Сатыбалдиев — 44 миллион 394 594 сом;
Осмонбек Артыкбаев— 259 миллион 953 миң 278 сом;
Айбек Калиев — 19 миллион 573 миң 310 сом;
Салайдин Авазов — 67 миллион 846 миң 570 сом;
Жолдошбек Назаров — 1 миллион 782 миң сом;
TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек — 18 миллион 537 миң 200 сом.
Депутат Рыскелди Момбеков башкы прокурор берген тизмеде мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын камакка алынган мал-мүлкүнүн суммасы жазылбаганын айтып: "Эмнеге бардыгын бирдей шартта карабайсыңар?" — деп Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.
Ал өз кезегинде Лавровага тийиштүү мүлктөр конфискацияланганын, тергөө иштери бардыгына тегиз бирдей жүрүп жатканын айтты.