Кыргыз хоккейчилеринин Дүйнө чемпионатына тандоодогу биринчи атаандашы аныкталды

Тандоо турлары ушул жазда башталат. Эгер Кыргызстан тайпалык этаптан өтсө, Дүйнөлүк чемпионатка катыша алат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунда алгачкылардан болуп Кувейт менен беттешет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.

Дүйнө чемпионаты. Кыргызстан хоккейчилеринин тандоо турундагы каршылаштары
Тайпалык этапта улуттук команда Босния, Герцеговина, Гонконг, БАЭ жана Тайланд командалары менен ойнойт. Квалификациялык беттештер ушул жазда башталат.

Жакыповдун айтымында, чемпионатка 26 адамдан турган делегация барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, дарыгерлер жана менеджерлер бар. Эгер Кыргызстан тайпалык этаптан өтсө, анда Дүйнө чемпионатына катышууга укук алат.

Аталган мелдеш 2020-жылы 1-17-май күндөрү Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарларында өтөт.