Кыргызстан дагы 10 өлкөгө визасыз режим киргизүүнү демилгелеп жатат

Бирок комитеттин жыйыны учурунда сунушталган мамлекеттердин үчөө четке кагылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары визасыз режим киргизилген мамлекеттердин санын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Сунушталып жаткан "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорунда 10 мамлекеттин жарандарына визасыз режим киргизүү сунушталган.

Алар — Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Аргентина, Бразилия, Сан-Марина, Чили жана Оман мамлекеттери.

Кыргызстандыктар 28 мамлекетке визасыз бара алат
Бирок талкуу учурунда депутат Умбеталы Кыдыралиев комитеттин жыйынында жарандарына визасыз режим киргизүү сунушталган мамлекеттердин тизмесинен Болгария, Кипр жана Румыния чыгарылганын айтты.

Ал визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесин толуктоого өтө этият мамиле керектигин белгиледи. Мисалы, Кипр мамлекети экиге бөлүнгөнүн, эгер аларга визасыз режим киргизилип калса, Түркия менен болгон мамилеге доо кетип калышы ыктымалдыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев визасыз режим киргизиле турчу мамлекеттерди тандоодо алардын экономикалык абалына да басым жасалганына токтолду. Сунушталган мамлекеттердеги ички дүң продукция өлкөдөгү киши башына 7 миң доллардан туура келет.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууга киргизүү үчүн добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев жарандары визасыз келе алган мамлекеттердин санын 55ке жеткирүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда сунуштаган болчу.

Учурда 45 мамлекеттин жарандары Кыргызстанга визасыз келе алышат.