Жүк жана жүргүнчү ташыган айдоочулардын лицензия алуусу жеңилдейт

башчысы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупцияны жоюу боюнча иштерди күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Электрондук транспорттук көзөмөл" автоматташтырылган системасы ведомство аралык электрондук "Түндүк" системасына кошулду. Бул жүк жана жүргүнчү ташуучулардын лицензия жана транспорт каражаттарына уруксат берүүчү документтерди алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрөт. Мындай маалыматты Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда билдирди.

Министр 2018-жылдын жыйынтыктары, транспорт жана жолдор тармагында аткарылган жумуштар, жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөттүү өнүгүү пландары, анын ичинде өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы жана аймактарды өнүктүрүүнүн багыттарына ылайык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Хэ Чен Юй, Джек Кристофер Ватсон, Джанг Хуа... Кен лицензияларын дагы кимдер алган
Бейшеновдун айтымында, былтыр өлкөнүн кичи шаарлары жана айылдарында жалпы узундугу 81,4 чакырым жолго асфальт төшөлдү. 2019-жылы Жол чарба департаменти тарабынан 40 райондо жалпы узундугу 123 чакырым ички жолдорго асфальт төшөө боюнча долбоор даярдалып жатат.

"Учурда "Кемин" жана "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү пунктуларында салмак габариттик көзөмөл пунктулары иштеп жатат, алар автоматташтырылган маалымат системасына кошулган. Ушундай эле үч пункт жакында Ош жана Баткен облустарында ачылат. "Электрондук транспорттук көзөмөл" автоматташтырылган системасы ведомство аралык электрондук "Түндүк" системасына кошулду. Бул жүк жана жүргүнчү ташуучуларга лицензия берүү процедураларын жөнөкөйлөштүрөт", — деди Бейшенов.

Президент Жээнбеков калктын, өзгөчө аймактардагы тургундардын жашоо сапаты, социалдык-экономикалык абалы транспорттук байланыштардын өнүгүүсүнөн жана жол инфраструктурасынын иштешинен көз каранды экенин белгиледи.

"Аймактардын жол-транспорт инфраструктурасын, анын ичинде темир жол жана авиа каттамдарын өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелерин тез арада чечүү зарыл", — деди өлкө башчысы.

Президент министрликтин алдына өлкөдө аймактарды өнүктүрүү максатында ар бир райондо жыл сайын үч чакырымдан кем эмес жолдорду салуу же ремонттоо тапшырмасы коюлганын эске салды.

Мамлекет башчысы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупцияны жоюу боюнча иштерди күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.